Президент Алмазбек Атамбаев Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорлоруна кол койду.

Ал мыйзамдарга былтыркы жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана 2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган КР менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууларды  ратификациялоо кирет.

Быйылкы жылдын 4-январында Джидда шаарында кол коюлган КР менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (CASA-1000- кыргыз бөлүгү) ратификациялоо тууралуу мыйзамына да кол коюлган.

Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан быйыл 16-июнда кабыл алынган.

Келишимдердин натыйжасында эки өлкө (Тажикстан менен Кыргызстан) электр энергиясын Ооганстанга жана Пакистанга сатууну көздөйт.

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.