Кечээ Балыкчыда жааган мөндүрдүн айынын анын үйүнө сел суулары кирген.
Катуу жааган мөндүр аралаш жаандын кесепетинен шаардын ички ирригациялык каналдарга сел суулары толуп ашып, шаардын ички көчөлөрүн жана айрым жерлерде жайгашкан 31 турак үйдү жана 10 барак тибиндеги үйдү сел суулары каптап кеткен.
Темир жол көпүрөнүн астынан өткөн Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда болжол менен 100-150м3 сел суулары толуп калган.