Германиянын Бавария аймагынан 20 поезд жүргүнчүсүнө балта, бычак менен куралданган адамдын кол салып, 3 адам катуу жаракат алып, бирөө жеңил жарадар болуп, 14 адам шок абалда калган.

Deutsche Welle Бавариянын ИИМне таянып берген маалыматында окуяга 17 жаштагы ооган жигит шектүү делинип, анын качкын болгону, Германияга жакын арада эле келгени айтылат.

Поезд токтотулган кезде качып кетүүгө аракет кылган кылмышкер полиция тарабынан атылганын Deutsche Welle ге таянып, BBCнин орус кызматы жазып чыккан.