Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев жабыр тарткан үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөттү.
Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы Saat.kgге билдиргендей, Асхат Акибаев каза тапкан келиндин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, акча каражат бөлүп берди.
Катуу шамалдын кесепетинен кулаган бак 28 жаштагы келинди басып калган.
Ал мүрт кетип, жанындагы 2 жаштагы баласы тирүү калган.
Окуя Тамга айылындагы аскер санаториясында болгон.