Тыюу салуунун себептери азырынча белгисиз.

«Орусия транспорт министирлигинин алдындагы  ведомстволор аралык комиссия Урал авиакомпаниясына Жуковский аэропортунан Кыргызстан жана Таджикистанга авиакаттам жүргүзүүгө тыюу салды»,- деп «Интерфакс» маалымдады.

Компания жумасына 7 жолу: Ош, Бишкек, Дүйшөнбү жана Худжанга каттам жүргүзүүгө арыз берген.

Май айында төртүнчү Жуковский Москва аэропортунан аба ташып жеткирүүчүлөр аныкталган.