Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору болуп Акымбек Абдыкалыков дайындалды.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп Каныбек Исаков келди.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова болду.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.