«Мыкты футболчу» наамына татыктуу 10 оюнчунун тизмесин УЕФА жарыялады.
Лауреат 25-августта аныкталат.
Калыстардын курамына ар кайсы улуттук уюмдардын журналисттери кирген.
Ар бир калыс татыктуу деген 5 футболистти атады.
10-мыкты талапкер экинчи раундга өттү. Жыйынтыгында 3 футболист тандалып, жеңүүчү аныкталат. Былтыр Лионель Месси бул сыйлыкка татыктуу болгон.
Талапкерлердин тизмеси:
- Гарет Бейл («Реал» жана Уэльс курамасы)
- Джанлуиджи Буффон («Ювентус» жана Италия курамасы )
- Антуан Гризманн («Атлетико» жана Франция курамасы)
- Тони Кроос («Реал» жана Германия курамасы)
- Лионель Месси («Барселона» жана Аргентина курамасы)
- Томас Мюллер («Бавария» жана Германия курамасы)
- Мануэль Нойер («Бавария» жана Германия курамасы)
- Пепе («Реал» жана Португалия курамасы)
- Криштиану Роналду («Реал» жана Португалия курамасы)
- Луис Суарес («Барселона» жана Уругвай курамасы)