Кечээ катуу жааган жаандын кесепетинен Алай районунун Чий-Талаа айылынын чыгыш тарбындагы тоолордон сел агындылары түшкөн.
ӨКМ кабарлагандай, айылын сугат суу менен камсыз кылган жалпы узундугу 4 чакырым каналдын көпчүлүк бөлүгү сел агындыларына толуп калган.
Учурда 60-70 турак жайды жууп кетүү коркунучу пайда болду. Сопу-Коргон айылынын чыгыш тарабында курулган 4 сел тосмолорун жана түндүк чыгыш Бөкөймө каналынын 2 чакырымы, чыгыш Тескей каналынын 3 чакырым аралыгы сел калдыктарына толуп калган.