Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Абдрахман Мавляновду кабыл алды.

Жолугушууда комиссиянын ишмердүүлүгү талкууланып, нормативдик документтерди жакшыртуу маселеси көтөрүлдү.

Азыр Кыргызстанда 840 илимдин доктору жана 3980 илимдин кандидаты бар экенин жана Жогорку аттестациялык комиссиянын электрондук долбоору ишке киргенин Мавлянов билдирди.

Өкмөттөн билдиришкендей, премьер-министр комиссиянын ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүүнү жана илимий даражаларды берүүдө жыйынтыктуу иштөөнү буюрду.