Бүгүн 11:29да Алай тоо кыркаларында 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

ӨКМ билдиргендей, анын очогу Алай тоо кыркаларында жайгашып, силкинүү күчү Бор-Дөбө айылында 5, Нурада 4, Кара-Киндикте 4-4,5, Сары-Таш айылында 3,5 баллга сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.