Кеминдин аймактык ооруканасында ысык суу тургай кадимки муздак суу жоктугун, төрөттөн кийин аялдар чака көтөрүп ажаатканага барышарын акыйкатчы институтунун кызматкерлери билдиришкен.
Оорукананын шартына байлагышкан маселелер 2010-жылдан бери уланып келет. Акыйкатчы бул көйгөйдү саламаттыкты сактоо министрлиги менен Чүй облусунун ыйгарым укуктуу элчиси көзөмөлгө алышы керек деп эсептейт.
Чүй облустук төрөтканасындагы шарттар да көңүл жылытарлык эмес. Төрөт жайы мурунку бала бакчанын имаратында жайгашкан. 2-2,5 миң төрөөчүгө ылайыкталганы менен аялдардын саны эки эсе көп.
Өткөн жылы 5 аял төрөттөн көз жумган. Быйылкы жылдын I-кварталында 24% жеңил төрөт, 76% оор төрөт жана 32 баланын ичтеги өлүмү катталган.
Акыйкатчы институту жогорудагыдай шарттар балдардын өлүмүн көбөйтүп жатат деп эсептейт.