Эсептөө палатасы билим берүү жана илими министрлигине 2014-жылдын аудитин жүргүздү.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча 581,4 миң сом каржы бузуулары аныкталган. Анын ичинен, материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу — 522 миң сом, эмгек акыларды негизсиз төлөө   – 59,4 миң сом болгон.

Резервдер жана бюджеттин жоготуусу 48,7 млн. сомду түзгөн.

“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамын бузуу менен,   2013-2014 жана 2014-2015-окуу жылдарында мектеп-лицейлерде ийрим уюштуруу жана айрым дарстарга акча төлөтүү менен 4,3 млн сом жана 4,9 млн сом чыгымдалган.

Окуу куралдары менен камсыздоо – 70%ды, мектептерди эмеректер менен камсыздоо — 80%ды түзөт. Мектептердеги компьютердик техникалар паркы, жаңыланууга жана интернет тармагына кошулууга муктаж экенин эсеп балатасынан билдиришти.