Бразилиянын полициясы олимпиада оюндарына карата теракт уюштурууну пландап жаткан топтун 10 мүчөсүн кармады.
Колго түшүрүлгөн адамдар ИШИМге (ИГИЛ) тиешеси жок болуп чыкканы менен алардын террор уюму менен байланышууга аракет жасагандары аныкталган.
Адилет министрлигинин билдирүүсү боюнча, алар бразилиялыктар болуп чыкты. Өлкөнүн министрлери буга карата экстремалдуу чогулуш өткөрдү.
Эскерте кетсек, Рио-де-Жанейро шаарында 5-августтан 21-августка чейин XXXI-жайкы олимпиада оюндары өтөт.