Исанов көчөсү Киев көчөсүнөн Токтогулга чейин 5-майдан тарта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөндүктөн жабылган.
Аталган көчөнүн 300 метр узундугуна эки кат асфальт төшөлүп, жол белгилери чийилген. Жол оңдоого каражат шаар бюджетинен бөлүнүп, “Бишкекасфалтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан оңдолду.
Быйыл квартал аралык жана кичи райондор аралык 49 жол оңдолорун мэриядан билдиришти.