Провакация жаратууна каалагандар «City Plus» соода оюн-зоок борборунда адамдар туткундалды жана Жулдыз кичи районунда куралчан адамдар жүрөт деп жазышкан.
ЖОЖдун биринде окуган студент кыз социалдык тармактардагы билдирүүлөргө адамдар туткундалды, алардын арасында жабыр тарткандар бар деп жазган. Ал эми дагы бир жаран шаардын төмөнкү бөлүгүндө куралданган 100 адам жүрөт деп билдирүү жасаган.
Алар сотко чейинки тергөө иштеринин натыйжасында кармалышкан. Учурда жазалоо ченемдери каралып жатат.
Булардан сыркары жалган маалымат тараткан адамдардын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатканын Алматы ички иштер департаменти билдирген.
18-июлда Алматы шаарында куралчан адам орган кызматкерлерин атып, 3 адам каза болгон. 7 адам жаракат алган.