22-23-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.
Ал эми 24 — 27-июлга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.