Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары Динара Кемелова Жапониянын КРдеги жаңы элчиси Ёсихиро Ямамуро менен жолугушту.

Эки тараптуу сүйлөшүүдө Кемелова элчиге саламаттыкты сактоо жаатына, анын ичинде рак илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн жабдуулар менен камсыз кылуу маселесин карап көрүүнү өтүндү.

“Борбордук Азия+Жапония” диалогун активдештирүүнү, өндүрүш, айыл чарба, энергетика жана транспорт тармагын инвестициялоо сунушу киргизилди.

Андан сырткары ТИМдин өкүлү Жапония өлкөсүн алдыда өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусуна кызыкдар экенин билдирди.