Форумга катышууга Кытай, Беларусия, Индия жана Орусиядан ишкерлер келишкен. Иш чаранын жыйынтыгында 7 меморандумга кол коюлган.

  • Экономика министрлигинин алдындагы нвестицияларды илгеридетүү агенттиги менен “КР Синогидро Корпорэйшн Лимитед” ЖЧКнын ортосундагы;
  • Бишкек шаары менен Кытайдын Ухань шаарынын ортосундагы ага-ини жакындыгы келишимин түзүү;
  • Чүй облусу менен Кытайдын Хубэй провинциясынын ортосундагы достук кызматташтыгынын 2016-2021-жылдардагы жол картасын түзүү;
  • КР курортторунун ассоциациясы менен Кытайдагы жеке медицинанын Синьцзян ассоциациясынын кызматташтыгы боюнча протоколго;
  • «Du Zhou» Синьцзян традициялык кытай медицинасы менен «Авроранын» ортосундагы кызматташуу боюнча протоколго;
  • “Бишкек” эркин экономикалык аймагы менен Үрүмчүдөгү комплекстүү бондо (эркин) аймагынын соода-экономикалык кызматташуусу;
  • Чолпон-Ата шаары менен Уцзяцюй шаарындагы Синьцзян өндүрүш-курулуш корпорациясынын 6-дивизиясы ортосундагы достук кызматташуу меморандумуна кол коюлду.