Оюндарга катышуу үчүн спортчуларга бир катар  шарттарды аткарууга тийиш.

news.sportbox белгилегендей, эң башкы шарт — ар бир спортчу өз спортунун түрүнөн эл аралык федерациясынын макулдугун алышы зарыл. Бирок документтерге ылайык, анализдеринен кызытма табылган спортчулар катышпайт.

18-июлда эл аралык допингге каршы агенттик өз докладын жарыялаган. Анда орусиялык допингге каршы агенттиктер өз спортчуларынын анализдерин алмаштырып келгени жана буга Орусиянын ФСБсынын да катыштыгы бар экени жазылган.

Олимпиада оюндарынан четтетүүнү 10дон ашык мамлекеттердин спорттук федерациялары  талап кылган. Ал эми эл аралык олимпиада комитети бул фактыларды “бүтүндөй дүйнө спортуна жана олимпиада оюндарына” каршы жасалаган сокку деп баалаган.

Буга чейин эл аралык таймаштардан орусиялык жеңил атлетчилер четтетилген. Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерация кабыл алган бул чечимди Лозаннадагы арбитраждык сот да колдогон.