Сан-Хуан-Чамула шаарынын нааразы болгон тургундары мэр Доминго Допес Гонсалес чогулуш өткөрүп жаткан жеринен кирип келишкен.

Алар мурун калаа башчылыгы тарабынан бөлүнгөн 100 млн песону кол өнөрчүлөрдү колдоого которуусун талап кылышкан.

Тургундарды сакчылар эшикке чыгарууга аракет жасаганда ок чыгарышып, мэрди өлтүрүп коюшкан.

Андан соң нааразы болгондор көчөгө чыгып, бийликтен акча каражаттары кайда жумшалганы тууралуу отчёт берүүнү талап кылган.  Жыйынтыгында эки бийлик өкүлү, айдоочу жана бир жай тургун ок атуудан каза таап, 12 адам жарадар болгон.