Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы жаан-чачындын көп болгондугуна жана гидрологиялык абалдын өзгөргөндүгүнөн улам пайда болгон тобокелдиктерге байланыштуу калыбына келтирүү жана кырдаалга ылайык чараларды көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды.

Кубатбек Боронов ӨКМ бөлүктөрү калк жашаган аймактарды, ошондой эле инфраструктуралык объектилерди суу каптоосуна жол бербөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи.

Атамбаев өлкөдөгү гидрологиялык кырдаалды кылдат мониторинг жасап туруунун, ошондой эле мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана тобокелчиликтерди азайтуу максатында өз убагында чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.