Түркиядагы бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чараларга эл аралык уюмдар каршы пикирин билдирүүдө.

Баш катчы Йенс Столтенберг, НАТО демократияга, адамдын жеке азаттыгына жана бийлик мыйзамына негизделгендиктен биримдикке кирген өлкөлөр аталган принциптерди сактайт деген ойдомун деген.

Ал эми БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Түркияны сөз эркиндигин сактоого чакырып, редакциясынан куугунтукталган  Zaman гезитине байкоо салып жатканын ачыктады.

Вашингтон өлкөнүн бийлигин “демократиялык принциптерге каршы чыгууда” деп атады.

“Алар биздин жана башка дүйнө коомчулугу тарабынан айтылган кайрылууларга кулак салбай жатышат. Өз конституциясында бекитилген сөз эркиндигине кысым жасашууда”, – деп АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби өз сөзүндө айткан.

Zaman гезити Түркия бийлигине болгон ачык сындары менен белгилүү. Бийлик болсо, гезитти Фетхуллах Гүлен менен байланыштырууда. Жума күнү Стамбул соту оппозициялык басылмага көзөмөлдөөчүлөрдү койгон. Кызматкерлер мындай кадамды гезиттин жабылуусуна алып келет дешүүдө.

Ишембиге караган түнү полиция митингге чогулган жүздөгөн окурмандарды таратып, андан соң редакцияга кирип барып кызматкерлерди иш жеринен кууп чыккан.