Бишкектин борборунан орун алган сааттар көчмөндөр оюндарына чейин туура 40 күн калгандыгын көрсөтүүдө.

Ал эми даярдыктар болсо кызуу маалында.

Оюндарды өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси  Нурдин Султамбаев билдиргендей, азыркы убакта чоң обьектилер курулууда.

комплекс

Чолпон-Ата шаарында атайын спорттук жана ден соолукту жакшыртуучу комплекси курулду. Аталган жерде күрөштүн бардык түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.  Андан сырткары ипподромду реконструкциялоо иштери да аягына чыгып калды.

ипподром

Ал жерде ат оюндары жана концерттик программалар өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, 3 сааттан ашык убакыттагы чоң шоу-концерт даярдалууда.

Маалыматка ылайык, миңден ашуун комузчу катышат.

«Бул жолу масштабдуу жана кызыктуу өткөрөбүз. Иш-чарага миңден ашык ыктыярчы катышып,анын эки жүзү спорт делегацияларынын өкүлдөрүн тейлесе, беш жүзү ачылуу аземине катышат»,- дейт Султамбаев.

ыктыярчылар

Оюндарга катышуу макулдугун 43 ашык мамлекет берген.

  1. Азербайджан (спорт министирлиги);
  2. Аргентина ( алыш күрөш);
  3. Армения (алыш күрөш);
  4. Бразилия (алыш күрөш);
  5. Венгрия ( жаа атуу);
  6. Гватемала (алыш күрөш);
  7. Израиль ( күрөш);
  8. Индонезия (күрөш);
  9. Казахстан (спорттун 9 түрү);
  10. Колумбия (алыш күрөш);
  11. Монголия (күрөш);
  12. Пакистан (күрөш);
  13. Перу (алыш күрөш);
  14. Башкортостан (күрөш), Свердлов облусу (күрөш), Карачаево-Черкесия (күрөш);
  15. Словакия (күрөш);
  16. США (единоборства, ордо и интеллектуальные игры);
  17. Туркменистан (күрөш);

Эквадор (алыш күрөш. АзердбайжанОшондой эле «Газпромдун» жетекчиси Алексей Миллер да чакырууну кабыл алган.

«Мен жеке өзүм, кыргыз досторумду колдоо үчүн келем»,- дейт ал.

Кыргыз элинин меймандостугун көрсөткөн атайын жаратылыш койнунда боз үй шаарчасы салынат.

күрөш

Калың журт арасында бул иш-чара чоң колдоого алынган. Интернет айдыңынды жаштардан «Мен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдойм» аттуу флешмобу популярдуу болууда.

ыктыярчыларй

«Билеттердин баасы аныктала элек. Жакын арада атайын колдонмо менен кошо жарыялайбыз. Бул билеттерди чет өлкөлүктөргө сатууда жеңилдиктерди түзөт»,- деген оюн катчылыктын жетекчиси билдирди.

Ал эми Ысык-Көл облусунун тургуну оюндарды колдогону менен бир аз күмөн санап жаткандыгын айтып берди.

«Биз албетте колдойбуз. Бирок орчундуу болгон жол маселеси бар. Убагында бүтүшөбү же жокпу кеп ушунда»,- дейт Чолпон-Ата шаарынын жашоочусу Мээрим Түлөбердиева.