Эки кыз Ак үйдүн жанынан өтүп баратып, белгисиз себептерден улам тосмого чыгууну чечишкен.

Бишкек ШИИБ билдиргендей, окуя 21-июль күнү саат 9:00 чамасында болгон.

Маалыматка ылайык, Ак үйдүн коргоо кызматкерлери 25 жаштагы жаранды кармап, милициянын колуна тапшырышкан.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ал кыз үйүнө коё берилди.