Каржы полициясы (ЭККМК) кыргыз-тажик чегиндеги Лейлек районуна караштуу Беш-Кент айылынан аткезчилик жолу менен келе жаткан 148,4 миң сомдук товарды кармашкан.
Унааны КРдин Н.Д. башкарып келе жаткан. Аталган жүк ташуучу унаада декларациядан өтпөгөн 21,2 тонна пияз болгон.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын ЭККМК (Экономикалык кылмыштарга карыш күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы) басма сөз кызматы билдирди.