Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев алардын машыктыруучулары менен дагы жолугат.

Оюндар Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарында 5-21 авгуска чейин болот. Кыргызстандын капчыгында 19 жолдомо бар, делегация болсо 47 адамдан турат.

Спорт агенттиктин жетекчиси Канат Аманкуловдын айтымында, президент жол акыл сөзүн айтып олимпиада курамасынын капитаны Арсен Эралиевге өлкөнүн туусун тапшырат.

Биринчи топ Риого 27-июлда учат. Алар:жеңил атлетчилер, сууда сүзгүчтөр, дзюдаисттер жана машыктыруучулар.