Бул сынак 6-жолу жарыяланууда.

Аны стандартизациялоо, метрология жана сертификатташтыруу боюнча өлкөлөр аралык кеңеш өткөрүп жатат.

Мында КМШ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү чыгарган продукция-товарлары менен биринчилик үчүн ат салышат. Ага мамлекеттик каттоодо турган бардык юридикалык жактар катыша алат (Курал жана аскер техникасын өндүрүүчүлөрдөн тышкары).

Сынактын шарты боюнча катышуучу уюм чыгарган продукциясынын сапаттуулугуна кепилдик бере алышы керек.

Андан сырткары ишкана экиден кем эмес жыл, жок дегенде эки КМШ өлкөсүнө товар экспорттоп жүргөн болушу шарт экенин экономика министрлигинен билдиришкен.