Ысык-Көлдөгү бизнес коомчулугу менен болгон жолугушууда экономика министри Арзыбек Кожошев “Тоо лыжасынын кластерлери” пилоттук долбоорун талкууга алган.
Долбоор туризмдин тоо лыжасы тармагын өнүктүрүү максатында өткөн жылдын 1-декабрында жолго коюлган.
Анда Жыргалаң, Боз-Учак, Челпек, Кереге-Таш жана Светлая Поляна айылдарында лыжа базаларынын кластерин куруу пландалган.
Пилоттук долбоорду мекемелер аралык комиссия ишке ашырат. Азыркы учурда планды ишке ашыруу жолдору коомчулукка сунушталып, долбоор министрликтер жана мекемелер аралык талкуудан өтүп жатканын экономика министрлиги билдирет.