Буга чейин “Кыргызалтындын” акциялары менен дивиденддери соттук териштирүүлөргө байланыштуу тыюуда болгонун аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

20-июлда Онтарио (Канада) провинциясынын жогорку соту “Центерра Голд Инкке” караган “Кыргызалтындын” арызын карап, анын негизинде 11 млн 253 миң 655 акциясын камактан чыгарган.

Латвиялык бизнесмен Валерия Белоконя менен Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting Co. Inc. компаниясынын арызынан улам соттун чечими менен акциялар камакка алынган болчу.