Ал баңгизатты сатууга алып бараткандыгын мойнуна алды.

Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиги билдиргендей, 25-июлда Ангарск шаарынан Усолье-Сибирское калаасына бараткан унаада кыргызстандык жарандын жанынан 9 килограмм 853 грамм героин табылган.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп,  учурда тергөө иши жүрүп жатат.

Орусиянын мыйзамы боюнча ири көлөмдөгү баңгизатты сактап, алып жүргөнү үчүн 15-20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.