Кечээ Биринчи май РИИБ тарабынан коомдук тынчтыкты бузгандыгы үчүн 33 адам кармалган.

Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, митинг М. Горький атындагы скверде болгон. 700гө жакын адам чогулган.

Алар аянтка чыгып, жолду жабууга аракет кылышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан тыюу салуулар болгондон кийин уюштуруучулар райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, тиешелүү жазаларын алышкан.

Беш адам административдик камакка алынды. Анын ичинде экөө 4 суткага (бирөөсү Нурлан Асанов) үчөө 3 суткага камалды.

28 катышучууга Биринчи май райондук соту тарабынан административдик айып пул салынды.