Президент Алмазбек Атамбаев “Банктардагы аманаттарды (депозиттерди) коргоо” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга кол койду.
Аталган мыйзам аманатчылардын банктагы аманаттарын (депозиттерин) милдеттүү түрдө камсыздандыруу системасын түзүүгө жана анын иштөөсүнө, бул чөйрөдө кепилдик окуялар учуру келгенде төлөмдөрдү жүзөгө ашыра турган аманаттарды коргоо фондусун түзүүгө жана анын иштөөсүнө байланыштуу мамилелерди укуктук жактан жөнгө салууну көздөйт.
Кабыл алынган мыйзам аталган мыйзамдын төмөнкү бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизет:
Түшүнүк аппараты такталат жана кеңейтилет – «аманат» жана «аманатчы» деген терминдерге жаңы аныктамалар берилет, «Депозиттерди коргоо фондусунун максаттуу мааниси» деген жаңы түшүнүк киргизилет;
Аманатчыларга кепилдик окуялар учуру келгенде төлөнө турган сумма эки эсе көбөйүп 200 миң сом болот; (Азыркы менен 100 миң сом)
Депозиттерди коргоо фондунун максаттуу мааниси кепилдикке алынган аманаттардын жалпы суммасына карата 12% деңгээлинде аныкталат (аракеттеги Мыйзам боюнча – 15%);
Эгерде депозиттерди коргоо фондунун каражаты учурдагы милдеттенмелерди жабуу үчүн жетишсиз болсо депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешине мурунку жылдын төгүмдөрүнөн ашпай турган атайын бирдиктүү төгүмдөрдү киргизе алат;
Депозиттерди коргоо агенттиги Улуттук банк чыгарган жана КРдин өкмөтүнүн сөзсүз кепилдигине алынган баалуу кагаздарды гана инвестициялай алат; (Башкаларга болбойт)
Мыйзам жогорку кеңеш тарабынан 22-июнда кабыл алынган. Ал кол коюлгандан тарта 15 күн ичинде күчүнө кирет.