Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын директорун кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчы коррупцияга каршы иш-чараларды активдештирүү боюнча мындан аркы пландар тууралуу маалымат алды.

Атамбаев бардык деңгээлдерде коррупцияга каршы күрөштү мындан ары күчөтүү жана антикоррупциялык ишти жакшыртуу зарыл экендигин айтты.