2015/2016 сезонунун финалдык беттеши 28-майда Италиянын Милан шаарындагы «Жузеппе Меацца» аренасында  өтөт. Кыргызстандан «Дордой-2013» командасынан 8 оюнчу жана 2 журналист барууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жаш жеткинчектердин баруусу «Футбол балдар үчүн» деген долбоордун арты менен ишке ашуууда. Бул демилгени «Газпром нефть Азия» компаниясы каржылайт. Фестиваль төртүнчү ирет өтсө да,  Кыргызстандын жаш футболисттери биринчи жолу катышууда.

Бул форумдун башкы элчиси — атактуу немис оюнчусу Франц Беккенбауэр. Ал  «Бавария» футболдук клубунун машыктыруучусу болуп таанылган.

Долбоордун максаты — жаш балдар арасында футболду өнүктүрүү, улуттарды жана маданияттарды сыйлоону үйрөтүү болуп саналат.

Бул форум биринчи жолу 2013-жылы Лондондо (Улуу Британия) өтүп, ага эң алдыңкы футболдук клубдардын 12-14 жашка чейинки оюнчулары катышкан.

Бул форумда жаш спортсмендер өз теңдештери жана белгилүү футболисттер менен сүйлөшүүгө ири мүмкүнчүлүк алышат.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар УЕФАнын финалдык матчына катышышат.