Юбилейлик iPhone өтүп кеткен жумада сатылган.

Компаниянын башкы директору Тим Кук билдиргендей, iPhone тарыхта эң маанилүү, ийгиликтүү, дүйнөнү өзгөртүүчү зат болуп эсептелинди.

“Жаныңда жүргөн түгөйдөн да жакын болуп калды. Чындыгында iPhone күнүмдүк жашообуздун мааниси болуп, бир күндүк жумушубуздун көпчүлүк кызматына жардам берип турат» , — дейт директор.

Компаниянын маалыматы боюнча, июнь айынын акырында сатылган iPhoneдордун саны 987 миллион даанага жеткен. Орточо эсеп менен бир айда 13 млн гаджеттер сатылган.  Appleдин кварталдык эсебине ылайык, былтыркы жылга караганда iPhoneдун сатылуусу 15% га төмөндөп кеткен. Ал эми компаниянын кирешеси да 15%га азайып, көрсөткүч $42,3 миллиардга жеткен.