«Жашылдандыруу” муниципалдык мекемеси шаар ичиндеги эскилиги жеткен бак-дарактарды кыйган.

Отун катары колдонууга боло турган дарактарды аз камсыздалган үй бүлөлөр, пенсионерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мэрияда болгон тизме менен кезектешип алат.

Ал эми калган тургундар Ташкент көчөсү, 17 ге арыз менен кайрылып, 1 м3 отунду 2 миң 230 сомго сатып алышса болот экенин мэриянын басма сөз кызматы билдирет.