Президент Алмазбек Атамбаев «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алган.

Мыйзамдын максаты – айыл чарба жерлеринде күнөсканаларды жана тамчылатып сугаруу системасын курууга, ошондой эле жерлерди максаттуу пайдаланууга байланышкан жер маселелерин укуктук жөнгө салуу. Мыйзам күнөскана чарбасын өнүктүрүүгө зарыл инфраструктураны түзүүгө жана тамчылатып сугаруу системасын киргизүүгө багытталган.