Акыркы мезгилде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнөн бир катар табигый кырсыктар болууда.

Мисалы селдердин жүрүшү жана боом капчыгайындагы таштардын кулашы. Маалыматка ылайык, бир күндө 10дон ашык таш кулоо байкалган экен.

30-июлда кулаган таш Honda Stepwgn үлгүсүндөгү авто унаанын үстүнө түшкөн.

Анын кесепетинен бир жүргүнчү каза болуп, айдоочу жаракат алган.

https://www.youtube.com/watch?v=iyoMas-xLCk

Бул эс алуучулардын келишин оңтойлотуп, бир нече метрлик тыгындардын да күнөөкөрү болууда.

ӨКМ билдиргендей, буга чейин бир нече жолу таш түшүү коркунучу бар деп эскертүү берилген экен.

«Атайын комиссия түзүлгөн. Алар бул маселенин себебин изилдеп өз жыйынтыктарын чыгарып жатышат»,- деп билдирет ӨКМ.