Жакында эле Месароша менен Абдраев көчөлөрүнүн кесилишинде бак токтоп турган Тойота автоунаасына кулаган. Жабыр тарткандар жок.

Ал эми кечээ Лев Толстой- Логвиенко көчөлөрүнүн кесилишинде №16 үйдүн короосунда бак кулаган. Жабырлануучулар жок болгону менен таза жана чирибеген бактардын кулашы бир топ маселе жаратууда дейт бул мекеменин кызматкерлери.

«Жашылдандыруу» муниципалдык мекеме билдиргендей, бул туруксуз аба ырайынан улам болушу мүмкүн.

Мындан тышкары Москва менен Үмөталиев жана Жибек Жолу менен Эркиндик көчөлөрүндө бак-дарактардын бутактары жерге түшкөн учурлар болуп жатат деп айтылат билдирүүдө.