Бразилиянын Рио-Де-Жанейро шаарында өтө турган жайкы олимп оюндарында быйыл 206 өлкө катышат.

28 спорттун түрү боюнча 306 медаль ойнотулат.

Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышып, алардын жарымы Риого жөнөп кетишти.

Ал эми эл аралык gracenote.com аналитикалык сайтынын серепчилери кайсы мамлекет канча медалга ээ болоорун божомолдоп коюшту.

Алардын божомолу боюнча, Кыргызстан бир гана медалга ээ болот. Балбан Айсулуу Тыныбекова коло медалды жеңип аны менен КР 72-орунга ээ болмокчу.

72-орунда ошондой эле Португалия, Вьетнам жана Тажикстан да орун алган.

Ал эми 1-орунду gracenote.com АКШга берген. Алар 41 алтын, 23 күмүш жана 28 коло медаль алышат.

2-орунду болсо Кытай алат экен.  31 алтын, 26 күмүш жана 24 коло медаль. Тизменин үчүнчүсү болуп 20 алтын, 23 күмүшү жана 20 колосу менен Орусия орун алган.

gfgrf

Америкалык компания Gracenote цифралык жана интернет технологиялар боюнча иш жүргүзөт. Олимпиадалык оюндарда медалдардын божомолун буга чейинки оюндарга таянып чыгарат.