Министр Кубатбек Боронов жеринен калыбына келтирүү иш-чараларын тездетүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Жалпы Баткен облусу боюнча, 23 турак үй авариялык абалга келген, 55 турак үй көзөмөлгө коюлган. Ошондой эле 185 турак жайдын короолоруна, 2 көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө,  51 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген. 3 ички чарбалык көпүрө, 1 жөө өтүүчү көпүрө, 3 чоң көпүрө жараксыз абалда калды. Материалдык чыгым такталууда.