Түркияда 16-июлга караган түнү аскерий төңкөрүш аракети болуп, бийлик аны дароо басууга жетишкен. Калаба уюштурду делген 18 миң адам кармалып, өлкөдө үч айлык өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Аскер кызматынын маалыматы боюнча, 8,6 миң аскер катышып, 74 танка, 35 самолет жана 37 вертолет, үч кеме колдонулган.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө 246 жаран каза таап, 2 миңдей адам жарадар болгон.

Буга чейин өлкөдө төңкөрүштөр болуп келгени айтылат. Андан сырткары  күрддөр менен болгон чарпышуулар, бир жагынан исламчылдар, үчүнчү жагынан ата түркчүлөр болуп ансыз да өлкө ичи тынч эмес эле.

Акыркы төңкөрүш президент Режеп Тайип Эрдогандын авторитардык режими, үй-бүлөлүк, өзүм билемдик башкарууга өткөндүгүнөн, ошого жараша аскерий нааразычылыктар келип чыкканан деп айтылат.

Расмий бийлик АКШда жашап жүргөн коомдук ишмер Фетхуллах Гүленди жана анын тарапташтары болгон “гүленчилерди” күнөөлөдү. Ошого жараша 60 миңдей адам жумуштан айдалды. 149 генерал кызматтан алынып, жогорку аскер башчылары ордун сактап кала алды.

 

 

Бийлик Вашингтондон Гүленди экстрадициялоону да өтүнүп көрдү. Туулган айылындагы үйүн ажаатканага айландырууну тургундар сунуштап жатышат деп түрк басылмалары жазып, Эрдоган Гуленди жин деп атады. Ошондуктан, кара дуба менен айланасына көп сандаган адамдарды чогулткан деди.

Ал тургай бийлик башка өлкөлөрдө ишмердүүлүк кылып келген эрдоганчы эмес, гүленчи билим берүү жайларын жабууну өтүндү. Анын эпкини Кыргызстанга тийгени да маалым.

Түркия премьер-министри Биналы Йылдырым төңкөрүш аракетин теракт деп атады.

Оппозициялык маанайдагы “Zaman” гезитинин редакциясы мекемесинен куулду. Башкача айтканда Гүленге тиешеси бар деген ММКлар жабылды.

Дүйнө өлкөлөрү расмий бийликти колдойбуз деп билдиришкен. Бирок, мамлекет акыркы аракеттеринен улам БУУ менен НАТОдон демократия баалуулуктарын сактоо боюнча эскертүү алууга да жетишти.

Бүгүнкү күнгө чейин камоолор жана сот иштери аягына чыкпай, акыркы маалыматтар боюнча дагы 33 губернатор камакка алынган. Андан сырткары 16-июль күнү Мармаристеги мейманканага чабуул жасагандарга тиешеси бар делген 8 адам кармалды. Аталган конок үйүндө ошол маалда президент Эрдоган болгон.

Июнь айында Түркияга келген туристтердин саны Орусия менен болгон мамиледен улам 40%га азайгап кетсе, төңкөрүш аракетинен кийин дагы төмөн түшүп кеткени байкалган.

Андан сырткары, бийлик калабанын айынан 100 млрд долларлык экономикалык жоготууга дуушар болгонун билдирди.