АКШ президенти Барак Обама Республикалык партиянын атынан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп өлкөнү башкарууга даярдыгы жетишсиз, керектүү жөндөмдүүлүккө ээ эмес экендигин билдирди.
Вашингтондо өткөн маалымат жыйында Обама Трамптын даярдык деңгээли өтө төмөн экенин айткан.
РИА Новости жазгандай, Обама Трамптын тышкы саясий көз карашы жана курман болгон мусулман жоокердин ата-энесине кылган мамилеси үчүн айыптады.
«Анын Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азиядагы кескин маселелер тууралуу негизги билимге ээ болбогону анын кызматка даяр эместигин көрсөтүп турат», — деди Обама.
Ошондой эле Обама республика партиясынын мүчөлөрү мурдагыдай эле Трампты колдогондугу үчүн кескин сынга алды.
«Эмне себептен аны колдоону улантып жатасыңар? Бул силердин партия тууралуу кандай ой калтырат?», – деген суроо менен партия мүчөлөрүнө кайрылды.
АКШ президентти белгилегендей, кеп Трамп менен болгон саясий карама-каршылыкта эмес, анын башкаруу жөндөмдүүлүгүндө.
Автор: Мээрим Кайыпсагын