Журналист Дайырбек Орунбеков Saat.kgге билдиргендей, бүгүн ал Аламүдүн райондук сот аткаруучуларына керектүү документтерди алуу үчүн барган.
“Ал жактан мага карата Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн кылмыш козгогону тууралуу маалымат алдым. Кылмыш иши Атамбаевдин кадыр баркына келтирилген моралдык чыгымды тѳлѳбѳй жана ал тууралуу жазган макаланы тѳгүндѳп, президенттен кечирим сурабай жатат деген негизде ачылды”, -деди.
Анын айтымында, мунун баары чындыкка туура келбейт.
“Мен сот чечимин аткаруудан баш тарткан эмесмин, каражаттарды тѳлѳп баштагам. Бул бийликтин мага карата кысымы. Жакында да ѳзүмѳ таандык “Маалымат.KG” сайтымды тартып алышкан. Сайтты тартып алышкандан кийин мен кайсы булактарга тѳгүндѳмѳк элем? Булар атайын менин мүмкүнчүлүктѳрүмдү жаап, анан кылмыш ачкылары келип жаткан. Бул албетте Акүйдүн буйругу. Мен укуктук жактан эч кандай мыйзамга каршы аракет кылган жокмун”. – деди журналист.
Орунбеков июнь коогалаңына саясий баа берүү маселесин көтөргөн эле. Башкы прокуратура макалада жазылгандар президенттин ар-намысына шек келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. 2 млн сомдук доо коюлган.