16-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш үчүн Түркия бийлиги тарабынан айыпталган диниятчы Фетхуллах Гүлендин мураскери Исмаил Бүйүкчелеби болору айтылууда.

Гүлен жамаатында кийинки экинчи таасирдүү киши Исмаил Бүйүкчелеби болуп саналат. Мураскер Гүлендин ордун басып, жамааттын саясаты жана каржы иштерине тиешелүү бардык чечимдерди кабыл алмакчы. Ал АКШда жашап, аталган жамааттагы таасирдүү 12 имамдын бири.

Автор: Мээрим Кайыпсагын