Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков алыскы аймактарды таза суу менен камсыздоо маселеси учурда кабыргасынан коюлуп жаткандыгын белгиледи.

Курулуш жана аймактарды өнүктүрүү агенттигине караштуу суу менен камсыз кылуу жана жеткирүү департаментинин жетекчиси Аскар Токтошев эл аралык донорлор тарабынан «Таза суу» долбоору паракордук схема бар экендигине шектелгенден улам токтотулганын эскерип өттү.

Премьер-министр мындай масштабдуу долбоорлор адамдык фактордун айынан токтоп калбашы керектигин баса белгиледи. Азыркы тапта республика боюнча айылдарда 595 оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, 657 айылда таза суу түтүктөрүн орноштуруу жана куруу каралган. Үстүбүздөгү жылда мамлекеттик бюджеттен 100 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле Жээнбеков «Таза суу» долбоорунун маанисин белгилеп, анын алкагында аймактарда атайын тейлөө борборлору ачылышы керектигин айтты.

«Мындай тейлөө борборлору таза суунун жеткирилүүсүндөгү тарифтик өлчөмүн аныктайт. Чогултулган каражат суу түтүктөрүн жаңылоо жана камсыздоого жумшалат. Бул кадам өтө керектүү экендигин калк түшүнүүсү зарыл. Аталган долбоор ишке ашып баштаганда эң биринчи кезекте чек арада жайгашкан жана алыскы аймактар камсыздалат», — деди өкмөт башчы