Алардын чын эле акылы кемирээк болобу? Мектепти алтын медаль менен бүтүп, кызыл дипломдун ээси болгондоручу?
Сары чачтуулар (блондинка) жөнүндө көптөгөн күлкүлүү окуялар айтылат. Ал эми андай кабыл алуунун же стереотиптин кайдан келип чыкканы белгисиз бойдон калып келет.
Жасалма түрдө биринчи чачын сарыга боёткон аял – Наполеон III түн аялы болгон.
Байыркы грекиялык Афродита дүйнөдөгү эң биринчи “блондинка” болгон. Бул калыптанган стереотип Римден да чыгышы мүмкүн. Анткени, Римде сары чач жеңил ойлуулуктун жана тартипсиздиктин белгиси болгон. Айрымдар, балким, ошондон улам калган деп божомолдошот.
Аялдар иштеп, кызматында башкаруучуга чейин жетип, бирок, үй ичиндеги жумуштарды аткара албай калганы үчүн эркектер шылдыңдоо максатында күлкү кылышкан дешет.
Статистика көрсөткөндөй учурдагы сары чачтуулардын көбү – чачтары боёлгондор. Окумуштуулар блондинкалардын азайып баратканын белгилешет. Акыркы сары чачтуу адам 2202-жылы төрөлүшү мүмкүн деп айтышат.
Дагы бирөөндө эркектин жанында алсыз көрүнүү үчүн кууланып, акылга сыйгыз шылтоолорду тапканы үчүн ошондой атка конгон делет.
Биринчи чыккан барби куурчагы сары чачтуу болгон. Аны баары туурашкан. Ал эми куурчактын акылы кайдан болмок дешет.
“Блондинка” деген түшүнүктү Голливуд чыгарган. Акылы тайкы, назик, алсыз каармандар буга күбө дегендер бар. Айтор ар кандай стереотиптер айтылат. Анык жообу белгисиз.
Блондинкалардын өтө жөнөкөй нерселерге башы жетпейт деген чынбы?
- Эки блондинка трасса саатына 120 км/саат ылдамдык менен жүрүп баратышат. (60 км/саат ылдамдык менен жүрүүлөрү керек)
- Аларды МАИ токтотот:
— Айымдар эмне үчүн 120 менен баратабыз?
— А биз эки кишибиз да.
- Соцтармактарда сары чачтуу кыз кеңеш сураган: Кыздарики айткылачы, шубага оронгон сельд салатына кызгылтым (розовый) майонезди кайдан алууга болот?
- Төрөтканада блондинка ыйлап жатат. Медайым сурайт.
— Эмне болду?
— Меники эгиз болуп калбадыбы?
— Эмне болмок эле?! Сүйүнбөйсүзбү кайра…
— Күйөөмө бирөөсүн кимден деп айтам….
- Кыз жолдун так ортосуна келип мерседесин токтотот. Артынан көптөгөн сигналдар угулат. Машинеден түшүп, шашпай басып келип:
— Байке, унаамды карап берип коёсузбу? Мен сиздин ордуңузга отуруп «пипилдетип» турайын.
- Бир курбу экинчисине айтып жатат:
— Кечээ журналдан окудум эле. Бала бөтөлкөдөн сүттү ичип бүткөндөн кийин крандагы сууга тосуп жакшылап щеткалап жууш керек деп турган. Баламды кранга салсам ыйлап такыр басылбай койсо боло…
- Сары чачтуу кыз китепканада
— «Мага чай менен салат алып келгилечи» деп кыйкырат
— Чоң кыз бул китепкана, аста сүйлөңүз!
— “Мага чай менен салат” деп акырын айтат.
- Эки курбунун сөзүнөн:
— Элестет бир жемпирге үч кой керектелет экен.
— Ай-ий мен койлордун жемпир токуй алат экенин билбептирмин.