“Манас” аэропортунда ары же бери кете албай калган Алексей Попов ишемби күнү кайра Краснодарга учат.

Ал 31-июлда Кыргызстанга ата-энеси менен жолугуу үчүн келген. Текшере келгенде Алексей эки өлкөнүн (Орусия жана КР) тең жараны эмес болуп чыккан. Анын Орусияда жашап турууга уруксат кагазы гана болгон.

Жүргүнчүнү ОФдин чек ара кызматы чыгарып жибергени менен визасы жок Кыргызстан киргизе албайт. Ошентип ал эч жерге чыга албай аэропортто калууда.

Эрежелерге ылайык жүргүнчү кайра кете турган учак билетин өзү сатып алышы керек. Бирок, ага “Эйр Кыргызстан” компаниясы 50%дык арзандатуу жасап берди. Анын 6-августта кайра ОФга жөнөтүлөрүн “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирген.