Июль айынын акырында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн каттоодон өтпөгөн товарлардын келүүсү тууралуу фактылар катталган.

“Актилек” өткөрүү пунктунан жүк ташуучу унаанын айдоочулары С.Н.Селезнев жана А.Г.Расторгуевдин ыктыярдуу патенттери жок болгон жана алар унаа салыгын төлөгөн эмес.

Ал эми “Ак-Жол” өткөрүү пунктунан К.П.Жунушалиев салык органында катоодон өтпөгөн 200 кг күрүчтү алып өткөн.

Мыйзам бузуулар салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө аныкталганын мамлекеттик салык кызматы билдирет.