КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Конституцияга өзгөртүү киргизүүдө президенттин ыйгарым укуктарын караган беренеге бир да өзгөртүү болбой турганын айтты.
Ал ошондой эле өзгөртүү өкмөттүн ыйгарым укуктары боюнча болорун билдирди. Ал белгилегендей, өзгөртүүгө ылайык, өкмөт башчы акимдерди түз дайындай баштайт.
«Эгерде депутат вице-премьер-министрлик кызматка барса, анын мандаты сакталып калат. Тең ата болсун деп атабыз, болбосо депутаттар үстөмдүк кылып, каржысы аныкталбаган мыйзам долбоорлорун күчтөп кабыл алдыртып, натыйжада башталган курулуштар аягына чыкпай ара жолдо калууда. Ушундай популисттик кадамдарга жол бердирбөө үчүн мандаттарын сактап калгандары туура болот. Каржы булагы аныкталбаган мыйзам долбоорлорду өкмөт башчынын макулдугу менен гана кабыл алына баштайт. Өкмөт башчы каршы болсо, кабыл алынбайт», — деди ал.
Иса Өмүркулов буларга кошумча референдумдун долбоору коомдун талкуусуна коюлганын, аны менен ар бир жаран таанышып, өз сунуштарын бере ала турганын айтты.